Бишкектин тургундары "Ош базарындагы" тез татым кызматынын ашканасында келемиштин жүргөнүн көрүштү. Бул тууралуу видео интернеттеги социалдык тармактарга тарап жатат.
Видеодон келемиштин сыртта тасмага тартып жаткандарды көзгө илбей, тамак-аш даярдалган столдун үстүнөн тамак издеп ары-бери чуркап жүргөнүн байкоого болот. Окурмандар санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары эмнеге мындайга жол бергенин сурап жатышат.