Көптөн күткөн жаңы 2018-жыл да кирип келди. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү бул майрамды шаңдуу салтанат менен тосуп алышты. Жылдын эң негизги майрамы адаттагыдай эле салтка айланып калган майрамдык салюттар менен коштолду. Жаңы жылды утурлай кайсы өлкөдө кандай майрамдык салюттар атылганына көз салып көрөлү.
1. Дүйнөлүк рекорд жаратуудан тажабаган Дубайда бул ирет Жаңы жылда адаттагыдай майрамдык салют атылбастан лазердик шоу орун алган.10 миңдеген адамдар эң бийик имараттардын бири Бурж Халифа мунарасынын бетине түшүрүлгөн ири лазердик шоу көргөзмөсүнө күбө болушту. Бул лазердик шоу "Гиннесстин дүйнөлүк рекорддор" китебине кирди.
2. Күн чыгыш өлкөсү аталган Японияда да майрамдык салют мыкты деңгээлде уюштурулуп, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү. Фудзияма жанар тоосунун фонунда катары менен атылган салюттар элге өзгөчө сезим тартуулап, кирип келген жыл аталган өлкөдө "Чечкиндүү кадамдарды жасоонун жана аракет кылуунун жылы" деп белгиленген.
3. Миллиондогон көрүүчүлөр назар салып турган майрамдык фейерверк Гонконгдо да болду. Асман тиреген имараттардан жана суу бетине жайгаштырылган атайын жерлерден атылып чыккан түстүү боёктуу салюттар көрүүчүлөрдү масштабдуулугу менен таң калтырбай койгон жок.
4. Ал эми Сиднейде Жаңы жылдык салюттар көпүрөдөн асманга атылды. Мындай укмуштуудай көрүнүшкө күбө болуу үчүн көрүүчүлөр кемелерге түшүп, көпүрөгө жакын келишкен. Салюттан тышкары көпүрө да түстүү өңдөргө кубулуп турган.
5. Англиянын борбор шаары Лондондо уюштурулган майрамдык салют да башка өлкөлөрдөн кем калышкан жок. Асманга атылган түстүү жарыктар суу бетине чагылышып өзгөчө көрктүү болуп турган.
6. Бишкек шаарында Жаңы жыл түнү асманга атылган салют да өзүнүн кооздугу менен көбүн суктандырды. Майрам күнү асманда 10 мүнөттөй түркүн түстүү жарыктар жанып турду. Мындан сырткары шаар тургундары жана коноктору үчүн майрамдык концерт уюштурулган.