Чүйдө эки аялды өлтүрүп, үй ээсин жарадар кылууга шектелип 3 адам кармалды (толукталды)

Чүй облусунун Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин апасын жана келинчегин атып өлтүрүүгө шектелген адамдар кармалышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-январда укук коргоо органдарынан кабарлашты. Шектүү катары 3 адам кармалган. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Анын ичинде үйдөн акча алып кетишкенби, жокпу такталууда.

Эскерте кетсек, 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болуп калып, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми окуя болгон учурда үй ичинде 2 айлык наристе да болгон. Ал учурда туугандарынын кароосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
rruslan88
2018-01-02 12:40:39
Саясатка тиешеси жок кылмышкерлер тез эле колго тушот.саясатка тиешеси бар кылмышкерлер эч эле колго тушпойт деп айтайын десем банга киргизип койбонуздар.
+15
Mers124
2018-01-02 12:54:40
Буларды киши өлтүргөнү үчүн беш жыл багып туруп кое берип ийбей катуу жазалаш керек айбандарды.
+8
Arlenchik
2018-01-02 14:01:36
Акмактар!!! мыкаачылар! адам омурун кыйыш ошончолук женилби акмактар! кантип журоктору оорубай атышты, байкуш наристенин абалы, келечеги эмне болот эми, куноосу далилденсе андай мыкаачыларды алып чыгып атып салгыла, оздорунда ит аткандай кылып, бирок мындай акмактарды сразу атпай акырындан кыйнап, жанын кейитип анан олтуруш керек, алар ошого татыктуу!
+5
Tynybek1989
2018-01-02 14:11:30
Камалгандарды бекер эле окмот бакпай мурдакындай сразу атып салсын же дарга асыш керек.ошондо кичине болсода азаяр беле....азыр адам олтурот 5 10 жыл окмот багып чыгарып жиберет.А быякта балдар жетим калып жатат,аларга ким тарбия берет ким карап чонойтот..........
+2
talaa11
2018-01-02 14:22:48
Олгудой кылып иштетип керек бул акмактарды жон эле бага бербей
+2
Ka2sr1
2018-01-02 14:50:27
Азыр илим абдан жакшы онуккон. Кылышты табуу оной эле, эн башкысы саясий болуп кетпесе.
0
Azamat_15
2018-01-02 15:57:00
Азаматсынар милиция
0
Djal1987
2018-01-02 16:15:46
Эркектер иштеп акча таппай аялдарга кол сала башташыптыр. Бут эле аялдар олуптур го. Окуп башын айланат.
0
Boldukan86
2018-01-02 16:46:50
Аллах жазасын берсин. Акмактар. Кантип колу барды эмне тапты аларды олтуруп
+2
Senator
2018-01-02 18:39:58
Бизде разбой кучоп кетти.. бул деген закон алсыз дегени эмеспи я?
+1
KGstan1981
2018-01-02 21:37:43
Ошол кылмыш жолуна баргандардын оздорун апасын же жубайын атып кетсе кандай болушат экен.Жэ бул кылмышкерлердин ата энелери жубайлары жок бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан