Ошентип дүйнө эли 2018-жылды шаңдуу маанай менен тосуп алышты. Тактап айтканда, Тоок өзүнүн "бийлигин" толугу менен Итке өткөрүп берди. Сааттын жебеси туура 00:00дү кагып, эл Жаңы жылды майрамдык фейерверк менен тосуп алды. Мына ошол учурду фотоаппаратка тартып алууга үлгүргөн сүрөтчүлөрдүн кызыктуу фотолору интернет айдыңында көп каралууда. Анын ичинде борбор калаабызда тартылып алынган сүрөт да бар.