Көпчүлүккө "Кадетство", "Принцесса цирка" сериалдары аркылуу таанымал орусиялык актриса Валерия Ланская бүгүн, 2-январда 31 жашка толду.
Актриса 1987-жылы 2-январда Москвада туулган. Атасы хореограф, апасы муз үстүндөгү бийди үйрөткөн машыктыруучу болгондуктан, Валерияны кичинекей кезинен тарта муз үстүндө бийлөөгө жана көркөм гимнастикага катыштырып коюшкан.
2006-жылы театралдык окуу жайды аяктап, Орусиядагы театрлардын биринде актриса катары кызмат кылганча, бир нече тасмаларга тартылууга жетишет. Алардын катарында "Кадетство", "Принцесса цирка" сериалдарындагы жараткан образдары менен коомчулукка аты таанылат.
Кичинесинде муз үстүндө бийлөө менен машыкканынын пайдасы тийип, орустардын "Муз доору-2", "Муз доору- мыктылар" долбооруна катышканда 2-3-орунду багындырган.
2015-жылы кинорежиссёр Стас Ивановго турмушка чыгып, түгөйлөр ошол эле жылы уулдуу болушкан.
2-январдын жылнаамасы.