Бүгүн, 2-январда "кара тору жигит" атка конгон жаш рэпер Бегиш (чыныгы аты-жөнү Бегалы Белекбаев) 26 жашка толду. Туулган күнүн ата-энеси менен белгилөөнү чечкен мырза SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Кирип келген 2018-жылды да, өзүмдүн туулган күнүмдү да ата-энем, бир туугандарымдын жанында өткөрүүнү чечтим. Маанайым абдан жакшы. Бүгүн кечке убактымды үй-бүлөмө бөлүп, телефонума келген каттарга жана чалууларга жооп бере албай калдым. Учурдан пайдаланып мени социалдык тармактардан куттуктаган бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деди ырчы.
Рэп ырчысы Бегиш 1992-жылы 2-январда Ош облусуна караштуу Алай районунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Сахнага алгач 2009-жылы сахналаш досу Баястан менен биргеликте "Керексиң мага" аттуу ыры менен чыккан.
2-январдын жылнаамасы.