Кытай 2018-жылдан тартып курчап турган чөйрөгө, жаратылышка көбүрөөк көңүл бурат. 1-январда дүйнөдөгү экология, аба атмосферасы жагынан эң булганыч аталган өлкөдө экологиялык салык боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, салык атмосфераны булгоочу зыяндуу заттарды азайтууга багытталган. Мыйзам өнөр жай ишканаларына, жеке жактарга карата да иштейт. Ал эми салыктын көлөмү өлкөнүн аймактарына жараша коюлган.
"Эң көп экологиялык салык өлкөнүн борбору Пекинде белгиленген. Салык төлөөчүлөр алгач абанын, агын суунун булганганына 24 саат бою көзөмөл жүргүзүп аныкташы керек. Бул үчүн мекеме же жеке жактар булганычтарды аныктоочу атайын жабдыктарды орнотот. Ал жабдыктардагы маалыматтар Кытайдын салык жана жаратылышты коргоо кызматтарына берилет", - деп жазышат басылмалар.