Кыргыз Республикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиев кыргызга аттын кашкасындай белгилүү. Ал Чүйдүн Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал бармактайынан ырга ынак, күү жандуу өскөнүн замандаштары айтып келет.
Онунчу классты бүтөрү менен жашоо-турмушунун оордугунан темир жолдо жумушчу, айылдык китепкананын башчысы, 1955-жылы ордо калаадагы куурчак театрында артист болуп иштейт. Ал эми 1965-69-жылдары Кыргыз улуттук филармониясында ырчы, 1969-1974-жылдары Улуттук телерадиокорпорациясында режиссёр, диктор болуп эмгектенген.
1974-жылдан баштап “Кыргыз фильм” студиясында киноактёрлук кесипте эмгектенет. Бул жылдар аралыгында ал элге төкмө акын, кино актёр, обончу, ырчы-аткаруучу, дастанчы, диктор катары таанылат. Ал ар тараптуу, көп кырдуу шыгын өркүндөтүү үчүн чыгармачылыктын үстүндө түн уйкусун бөлүп эмгектенген.
Орозбек Кутманалиев Ашыраалы Айталиев, Ысмайыл Борончиев, Осмонкул Бөлөбалаев өңдүү кыргыз акындарынан таалим алып, алардын төкмөлүк талантын улантып айтыштык өнөрүн өнүктүргөн. "Ак Мөөр", "Карагул ботом", "Курманбек" дастандарын, Жеңижок, Осмонкул, Барпы, Ысмайылдын термелерин комуздун коштоосунда аткарган. Ал "Жүрөктү жүрөм дарылап", "Айдай кызга" жана башка обондорду жараткан жана көркөм окуунун чебери болгон.
"Сүйүү жаңырыгы" киносунда Бектемирдин, "Ак кемеде" Орозкулдун, "Фудзиямадагы кадыр түндө" Арзыматтын, "Эрте жаздагы турналарда" Бейшембектин, "Ак куулар конгон айдың көл" киносунда Сабырбектин, "Эл арасында" киносунда Кубаттын, "Уркуяда" Куландын жана башка ролдорду аткарган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы берилип, бир катар медалдар менен сыйланган.
Төкмө акын, актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиев 2005-жылы 72 жаш курагында көз жумган.
3-январдын жылнаамасы.