Кытайда 18 саат тынбай иштеген дарыгер көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 43 жаштагы Чжао Бянсян Шаньси провинциясында жайгашкан ооруканалардын биринде эртең менен бейтаптарды карап чыккан соң эсин жоготуп жыгылган. Дарыгерге дароо жардам көрсөтүлгөн. Буга карабастан Бянсян кийинки күнү көз жумган.
Экспертизанын жыйынтыгы анын баш мээсине кан куюлуп кеткендигин аныктаган. Чжао Бянсян башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектенген. Бейтаптардын көптүгүнө байланыштуу акыркы күнүн ал 18 саат тынбай иштөө менен өткөргөнү маалым болгон.