Бүгүн, 3-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде "Айыл Кэмп" аталышындагы тасманын бет ачары болуп өттү. 2018-жылдын алгачкы, комедия жанрындагы тасмасын көрүүгө эстрада жылдыздары, белгилүү актёрлор жана режиссёрлор келишти.
Тасмада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева, алып баруучу Эркин Нурбаев, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев, Жеңиш Майрамбек уулу жана актёр Болот Тентимишов роль жаратышкан.
"Айыл Кэмп" тасмасы - Жеӊиш Майрамбек уулунун режиссёр катары дебюттук эмгеги. Анын айтымында, бир учурда тасмага тартылып, режиссёрлук кылуу оӊойго турган эмес. Ал "8-9 килограммга арыктап кеттим", - дейт.
Аталган тасманын продюсери, алып баруучу Эркин Рыскулбеков.
"Мен буга чейин киного продюсерлик кылып көргөн эмесмин. Бирок Жеңиштин (ред. Жеңиш Майрамбек уулу) талантына ишенип, тасманын сценарийин окубай туруп иштешүүгө макул болдум", - деген Рыскулбеков фильмге канча каражат кеткенин сыр бойдон калтырды.
Фильм Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Чуңкурчак жайлоосунда тартылган. Тасманын мазмуну жөнүндө кеп кыла турган болсок, жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүргөн Акыл аттуу жигит мыкты бизнес-план түзөт. Ал шаардык балдар үчүн айылдагы үйүнө этно лагерь ачат. Ата-энелер балдарын кыргыздын элдик ырларын, улуттук оюн, каада-салттарын жана кыргыз тилин үйрөнүүсү үчүн лагерге беришет. Бирок шаардык балдар айылдын жашоосуна көнүп кете алышабы? Буга жоопту "Айыл Кэмп" тасмасынан ала аласыздар.
Тасма 4-январдан тартып өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.