Түштүк кореялык Самсунг компаниясы 2018-жылы 320 миллион смартфон сатууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, серепчилердин изилдөөсү боюнча Самсунг 2017-жылы 319 миллион смартфон саткан. Буга байланыштуу түштүк кореялык компания 2018-жылы былтыркыга салыштырмалуу 1 миллионго көбүрөөк сатканы жатат.
Кореялык компания 2018-жылы смартфондордон тышкары 40 миллион планшет жана 5 миллион "акылдуу" жабдууларды сатууну пландоодо.
"Самсунг компаниясынын башкы атаандаштары Эпл (Apple) жана Хуавей (Huawei) компанияларынын көрсөткүчтөрүнө караганда, кореялык компанияга лидерликти жоготууга эч кандай коркунуч жок. 2017-жылы Эпл 200 миллион смартфон сатса, Хуавейдин көрсөткүчү 150 миллионго тең болгон", - деп жазышат басылмалар.