"АКШнын өзөктүк баскычы Түндүк Кореяныкынан кыйла чоң жана кубаттуу", - деп Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өзөктүк курал жөнүндөгү билдирүүсүнө жооп кылып интернеттеги жеке баракчасына жазды.
"Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзөктүк баскычы дайыма столдун үстүндө экенин билдирди. Балким, кимдир-бирөө анын ачарчылык каптаган режимине менде дагы өзөктүк баскыч бар экенин жана ал кыйла чоң жана кубаттуу экенин, ошондой эле анын иштей турганын айтып коёр", - деп жазды Трамп.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда анын столунда өзөктүк баскыч бар экенин жана ал Кошмо Штаттардын бардык аймагына чейин жетерин эскерткен.
Курал Пхеньянга коркунуч жаралган учурда гана пайдаланыларын айткан Ким Чен Ын Түндүк Корея Сеулга сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүнү сунуштап, өлкө Пйоңчаңдагы кышкы Олимпиада оюндарына катышууга кызыкдар экенин айткан.
Түштүк Корея бул боюнча Пйоңчаң менен 9-январда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады.
Маалымат үчүн: Өзөктүк баскыч деп өзөктүк куралды колдонуу үчүн коддорду сактаган жабдуу аталат. Ал мамлекеттин жогорку саясий жана аскердик жетекчилеринде болот.