Орусиянын Ханты-Мансийск аймагында 2 унаа сүзүшүп, 10 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышат.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-январь күнү Ханты-Мансийск-Нягань жолунда болгон. Анда Мазда 6 жана Рено Дастер үлгүлөрүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 10 адам каза болгон. Алардын арасында 4 бала болгон.
"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айтуусу боюнча, кырсык Москва убактысы боюнча саат 14:37де орун алган. Эки унаа бетме-бет сүзүшкөндөн улам жол убактылуу жабылган. Кырсык катталган жерде 50дөн ашуун куткаруучу жана 10дон ашуун атайын техника иш жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле аталган кырсык боюнча кылмыш иши козголгону да белгилүү болду.