C.C.Catch деген ысым менен таанымал немис ырчысы Каролина Катарина Мюллер казак кызы Санди Бексырганы өзүнө жеке визажист катары тандап алды. Бул тууралуу Бексырга социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялаган.
"Кыялдар орундалат! Мен буга дагы бир жолу ынандым. Миңдеген визажисттердин ичинен менин талантымды байкап, өзүнө жеке визажист катары дайындап, ишеним көрсөткөн легендарлуу C.C.Catch`ке ыраазычылык билдирем. Бул мен үчүн чоң сыймык", - деген ал.
Белгилей кетсек, Санди Бексырга буга чейин орус жылдыздары Лера Кудрявцева, Виктория Лопырёва жана казактын мега жылдызы Баян Алагузова менен иштешкен.