Кыргыз жеринде археологдор муз дооруна таандык артефакттарды табышты

Кыргыз жеринде археологдор муз дооруна таандык артефакттарды табышты. Бул тууралуу Орусиянын илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн археология жана этнография институтунун билдирүүсүндө жазылган.

Маалыматта жазылгандай, Новосибирскиден келген археологдор Борбор Азиядагы Америка университетинин изилдөөчүлөрү менен чогуу Алай өрөөнүнөн муз дооруна таандык болгон артефакттарды табышкан.

Артефакттардын арасында эт туураган бычак жана таштан жасалган азем буюмдар бар. Ошондой эле адамдын сүт тиштери дагы табылган. Андан сырткары изилдөөчүлөр серпентин ташынан жасалган азем буюмдарды табышкан. Орусиялык археологдор бул буюмдар Тянь-Шань менен Памирде отурукташкан байыркы доордо жашагандар тарабынан жасалганын аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asatilla.1983
2018-01-05 01:27:23
Менин агаротума келбейби буга окшогондон кобун табып берем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан