Чүй облусунун Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин апасын жана келинчегин атып өлтүрүүгө шектелип дагы 3 адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 4-январда ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.
Анын айтымында, кылмыш ишине шектүү дагы башка адамдар бар болушу мүмкүн.
"Шектүү катары 3 жаш жигит кармалды. Алардын жаш курагы 19 жаштан 24 жашка чейин. Учурда катыштыгы бар болгон дагы башка адамдарды издөө аракеттери көрүлүп жатат", - деди Сеитов.
Буга чейин кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болгон, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми окуя болгон учурда үй ичинде 2 айлык наристе да болгон. Ал учурда туугандарынын кароосунда. Үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салган адамдар үйдөн 100 миң сом акча жана алтын, күмүштөрдү уурдап кетишкен.