Соттогу жарыш сөздө Канат Исаевдин жактоочусу анын ак экенин айтып, толук актоону өтүндү

Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз орун алып Канат Исаевдин жактоочусу Слесарев сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Канат Исаевге карата козголгон иш жасалма экенин айтты. Ошондой эле ал жарыш сөздө сотко да нааразычылыгын билдирип, анын бир нече жолу жактоочуларга карата мыйзамсыз аракеттерди көргөнүн айтты. Сөзүнүн аягында Исаев мыйзам алдында ак экенин, ага байланыштуу аны толук актоо керектигин билдирди.

Жактоочу сөзүн жыйынтыктагандан кийин түштөнүү убактысы болуп калганына байланыштуу сот отурумду түштөн кийин улантуу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aidar575
2018-01-04 13:05:55
2008-2010 жылдары андан кийин мэр болгон чиновник таможенниктерди баарын камаш керек анда, чындык кайда, аттин дуйно эмне мынча таш боор!
+2
Azatbek83
2018-01-04 13:28:27
Эркек болсо акташсын!!!!Эгер акташпаса анда баардык бийликтегилерди чиновниктерди соттошсун!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан