Сейрек кездешүүчү алкоголдук ичимдикти Даниянын борбору Копенгаген шаарындагы "Кафе 33" кафесиндеги жер төлөдөн уурдап кетишкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары аталган жайдын кожоюну Бриан Ингбергдин билдирүүсүнө таянып жазууда.
Маалыматта жазылгандай, кафенин кожоюну кымбат баалуу ичимдиктердин түрүн коллекциялап жүргөн.
Ал уурулук тууралуу интернеттеги жеке баракчасына жазып, көзөмөл камерага тартылып калган сүрөттөрдү жүктөгөн. Анда башына бейсболка кийип, бетин жапкан 2 адамды көрүүгө болот. Ингберг аларды тааный албаганы менен мурда анын кафесинде иштеп кеткендер болушу мүмкүн, алар ачкычтын көчүрмөсүн жасатып алган деген божомолун билдирген.
"Уурулар арактын түрлөрү сакталган жер төлөнүн ичинде болгону 3 мүнөт жүрүшкөн. 1200 даана түрдүү спирттик ичимдиктердин арасынан эң кымбат, 6 килограммдык "Руссо-Балт" арагын уурдашкан. Ал алтын жана күмүштөн даярдалып, дүйнөдөгү эң кымбат ичимдиктердин катарында болчу. Баасы 1 миллион 300 миң долларды түзөт. Анын сырткы идиши да өтө баалуу каражаттардан жасалган", - деген Бриан Ингберг.
Учурда полиция ууруларды издөө иштерин улантууда.