Бүгүн, 4-январда Орусиянын Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, 10 адам каза болду. Алардын экөөсү Кыргыз өлкөсүнүн, бири Орусиянын, жетөө Кытай Эл Республикасынын жарандары экенин орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт кырсыгы боюнча маалымат жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 чамаларында келип түшкөн.
"Өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге барып, учурда өрттү өчүрүп бүтүштү. Каза болгондор бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан", - деп айтылат маалыматта.