Окумуштуулар кытайлык космостук станция жакынкы арада жерге түшөрүн билдиришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, дүйнөдөгү эң алгачкы кытайлык космостук станция жер бетине 2018-жылдын май айында түшөрү күтүлүүдө.
2011-жылы космоско жиберилген кытайлык "Tiangong-1" космостук станциясы 2017-жылдын аягында жер бетине кайтып келиши керек эле. Бирок Кытайда аталган станция менен болгон байланыш 2016-жылы үзүлгөндүгүнө байланыштуу аны башкарууга мүмкүн болбой калган.
Буга чейин "Tiangong-1" Испания, Италия, Греция, Португалия жана Болгария өлкөлөрүнө түшүшү мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок азыркы тапта станция кайсы аймакка түшөрү белгисиз.
Ал эми станцияны мурда көзөмөлдөп турган космостук агенттиктердин билдиргенине таянсак, "Tiangong-1" эч кандай коркунуч туудурбайт. Ал кайсы бир океанга же болбосо калк жайгашпаган аймакка түшөт.