Тышкы иштер министрлиги элчиликтин Новосибирсктеги өрттөн каза болгондор боюнча тараткан маалыматын тастыктаган жок

Бүгүн, 4-январда Орусиянын Новосибирск облусундагы бут кийим цехинен чыккан өрттөн 10 адам каза болуп, экөө Кыргыз жараны экени кабарланган. Бул маалыматты Орусиядагы элчилик SUPER.KG'ге тастыктап, алардын аты-жөнүн тактоо аракети көрүлүп жатканын кабарлаган. "Каза болгондордун экөө Кыргыз жараны экени тастыкталды. Азыр алардын аты-жөнү такталып жатат", - деп билдиришкен.

Бирок Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы элчиликтин маалыматын төгүнгө чыгарды. "Биз аталган облустагы консулдук кызмат менен байланыштык. Алар каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок экендигин айтышты. Кырсыктан жаракат алган адамдар бар экен. Алардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экендигин консулдук тактап жатат", - деп билдиришти ТИМден.

Мындан улам элчилик менен кайрадан байланышканыбызда "Новосибирсктегилер азырынча жок деп айта элек. Ошондуктан так маалымат берүү кыйын болуп турат", - дешти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-январда Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда саат 9:00 чамаларында бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн эки, Орусиянын бир, Кытай Эл Республикасынын жети жараны каза болгону кабарланган. Алар бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан.

Новосибрскиде чыккан өрттө 2 Кыргыз каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adikoo2011.
2018-01-04 18:18:52
Жок болгону чын болсун кудайым озу сактасын кыргыз элими баарыбыз тирикчилик деп талаалап журобуз элибизге эсен аман жетишке насип кылсын
+2
asanaliev.s
2018-01-04 18:32:14
Жок эле болсунчу кудай озу сактасын баарыбызды
+1
Altai85
2018-01-04 19:10:09
Жок эле болсунчу Кыргыз жараны денгенде журогум зырп эле дейтушту.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан