Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү өлкөдөгү баш аламандыктарга АКШны күнөөлөдү

Ирандын Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Голям Али Хошроу АКШны Иран Республикасынын ички маселелерине кийлигишип, жарандар арасында чагымчылдык кылып жатат деп айыптап, БУУга арыз жолдоду. Арызда жазылган үзүндүнү жергиликтүү Tasnim агенттиги жарыялаганын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

"АКШ бийлиги мамлекеттер арасындагы мамилелерди жөнгө салчу эл аралык укуктардын принциптерин бузуп жатат. Дональд Трамп башында турган америкалык администрация акыркы учурларда Ирандын ички маселелерине киришип, анда-санда болуп турган нааразычылык акцияларын колдоо менен акцияларды зомбулукка жана вандализмге алып келди", - деп жазылат кайрылуунун текстинде.

Ирандык дипломаттын айтымында, АКШнын президенти жана анын жардамчысы социалдык тармактагы баракчасына шылдың иретинде байма-бай билдирүүлөрдү жазып, мунун негизинде ирандыктарды чагымчылдык менен баш аламандыктарга шыкактап жатат.

"Ислам мамлекети болгон Ирандын өкмөтү бардык өлкөлөрдөн бул коркунучтуу саясат боюнча пикирлерди күтөт. Ошондой эле АКШны БУУнун эл аралык укуктар боюнча Уставынын негизинде жоопкерчиликтүү мамиле жасоону талап кылат", - деген Голям Али Хошроу.

Эске сала кетсек, Иранда нааразычылык акциялар 28-декабрда башталган. Өлкөнүн ар кайсы шаарларында акцияга чыккан жарандар бардык нерсеге баалардын жогорулап кетишине нааразы болушкан. Полиция менен элдин кагылышууларынын негизинде 20дан ашык адам каза болду. Алардын ичинде укук коргоо органдарынын да кызматкерлери бар. Ошондой эле чет элдик маалымат булактары ирандык кыз-келиндер паранжа, хиджабдарын чечип алып көчөгө нааразычылык акцияларына чыга башташканын жазышкан. Иран бийлиги тараткан маалыматтарга таянсак, баш аламандык уюштурду делип, 450дөн ашык адам камакка алынган.

3-январда генерал Мохаммад Али Жафари баш аламандыктарга чекит коюлганын жана козголоңчулар жеңилгенин жарыялаган.

Маалымат үчүн: Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына "Ирандын эли акыры "таш боор жана коррупциялашкан" бийликке каршы турду" деп билдирүү жазган. Муну менен катар ал Ирандагы массалык каршы туруу акциялары жөн жерден келип чыкпаганын, өлкөгө өзгөрүү мезгили келип жеткенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2018-01-05 02:22:27
Американын тарыхындагы эн жагымсыз Президент Дональд Трамп. Кайда болсо мурдун тыгып журот.
0
FIFA7
2018-01-05 02:48:02
БУУ нун колунан коко тикенекта и эшектин тезегида келбейт, аты улук заты куру кызмат бул, буларды акш рф лар урупда ойнобойт).
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан