Ырчы Бегимай Бекбоева сүйүктүүсү Эрлан Муратжанов менен кайрадан бирге. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына билдирди.
"Эрлан экөөбүз кыз-жигит катары мамилебизди үзгөнүбүз менен, дос катары байланышып турчубуз. Баары бир канча убакыттан бери сүйүү мамилесинде жүргөн соң, кайрадан эле жарашууну туура көрдүк. Буга менин атамдын салымы чоң. Себеби ал Эрланды абдан жакшы көрөт, сыйлайт. Биздин кайрадан жарашканыбызга 20 күндөй болуп калды. Жаңы жылды да атам, Эрлан үчөөбүз чогуу тостук. Үлпөт тоюбузду ушул жылдын жай айларына пландап жатабыз. Калганын убакыт көрсөтөт", - дейт ырчы.
Эске салсак, Бегимай Бекбоева 2017-жылдын сентябрь айында сүйүктүүсү менен кол үзгөнүн билдирип, күздө боло турган үлпөт тойлорун токтотууга туура келгенин айткан.