АКШда Ак Үйдүн кызматкерлери жумуш учурунда өздөрүнүн мобилдик телефондорун колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Дональд Трамптын администрациясынын коопсуздугу үчүн кийинки аптадан баштап Ак Үйдүн батыш жагындагы бөлүгүндө бардык кызматкерлерге жана конокторго мобилдик телефондорун колдонууга тыюу салынат. Кызматкерлер жумуш убактысында өкмөт тарабынан берилген телефондорду гана колдоно алышат. Мындай чечимге бир топ кызматкерлер нааразычылыгын айтышкан. Кызматтык телефондор аркылуу текст түрүндөгү билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүн болбогондуктан ыңгайсыздыктар жарала тургандыгын билдиришкен", - деп жазылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Ак Үйдүн батыш тарабындагы бөлүгүндө Дональд Трамптын иш бөлмөсү жана өкмөттүн отурум залы жайгашкан. Андан тышкары ал жакта журналисттердин маалымат жыйындары өтө турган зал бар.