ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 69 жашка толду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан актёр, кайталангыс талант Дүйшөн Байдөбөтовду тааныбаган инсан жок болсо керек. Бүгүн, 5-январда залкар актёр 69 жашка толду.

Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда атасы 73, апасы 49 жашында туулган. 1-классында атасынан, 5-классында апасынан айрылган. 9-классты аяктаган соң №5-мектеп интернатында билим алган. Аны менен катар борбордогу театралдык студиядан билим алып, Мамат Жакыпов деген режиссёрдун сунушу менен алгачкы жолу Алайга театрда иштөө үчүн барган. Кийин Фрунзеде сынак жүрүп жатканын угуп, ага катышуу үчүн келген. Жыйынтыгында 500 кишинин ичинен 27 студент тандалып алынып, Москвадагы театралдык окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Албетте, алардын арасында Дүйшөн Байдөбөтов да болгон.

1971-жылы окуусунун акыркы курсунда "Мен Тянь-Шань" фильмине актёрлор тандалып, кинопробага катышкан бир топ талапкерлердин арасынан Динара Чочунбаева экөө кастингден өтүшкөн. Кино жарыкка чыгары менен бүтүндөй Кыргызга аты таанылган. Тасмага тартылганы үчүн 1800 рубль гонорар төлөнүп, аны ай сайын 70-80 рублдан бөлүп берип турушкан. Актёрдун айтымында, аталган кинодон тапкан каражатына 2 керебет менен муздаткыч сатып алган.

Мектепте чогуу окуп, окуучу кезинен жактырып жүргөн сүйүктүүсү Кенже Исмановага үйлөнгөн. Ага мектепти аяктап, бүтүрүү кечеси болуп жаткан учурда сүйүүсүн билдирген. Аны башка бирөө ала качып кетпесин деген ойдо, алгач үйлөнүп, андан соң окууга тапшырып Москвага кеткен.

Актёр 28 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти, 38 жашында Эл артисти наамын алган.

5-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
murat17
2018-01-05 21:24:51
аябай сонун актер
+1
ekaterinburg
2018-01-06 00:58:05
"Ничево ниподобного"-деген ушул актер да.
+1
Akjolmaga
2018-01-07 10:49:23
нечего не подобного 69га чыгыптыр. Понимаешь
0
Kumarchik
2018-01-06 09:27:41
Таланттуу актер туулган кунунуз менен
0
sapargul
2018-01-06 15:39:02
Сизди корсом эле Асел менен Илязды эстейм бар болунуз ийгилик анан ден соолук каалайм туулган кунунуз кутболсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан