Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу "Дарак ыры" аталышындагы тарыхый мюзикл тартылды

Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу "Дарак ыры" аталышындагы тарыхый мюзикл тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фильмдин продюсери Толкун Дайырбекова билдирди.

Белгилүү болгондой, тасманын режиссёру Айбек Дайырбеков. Сценарийи да Айбек Дайырбеков менен Садык Шер-Ниязга таандык.

"Бул алгачкы тарыхый мюзикл же кино-дастан. Тасма XVIII кылымдын аягындагы кыргыздардын жашоосун, каада-салт, үрп-адаттарын сүрөттөгөн 2 уламыштын негизинде тартылган. Анда сүйүү жана адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле баяндалат. Фильмдин сценарийин жазууга 7 жылга жакын убакыт кетсе, тартуу иштери Ысык-Көл, Кочкор, Соң-Көл, Суусамыр жана башка аймактарда жүрүп, 2,5 айда аягына чыкты. Башкы ролдорго Өмүрбек Израилов, Темирлан Сманбеков, Салтанат Бакаева, Таалайкан Абазова баштаган жалаң профессионал актёр-актрисалар тартылып, алар үчүн 220 костюм тигилди. Ошондой эле тасма үчүн 13 жаңы ыр жаздырдык", - дейт продюсер.

Белгилүү болгондой, "Дарак ыры" мюзикли ушул жылдын март айында жарыкка чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mavlyuda
2018-01-08 09:55:00
Вааув жакты мага сүрөттөрдөн эле. Чыгышын чыдамсыздык менен күтөбүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан