Түркиялык "Derin Ekonomi" басылмасы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевди 2018-жылы дүйнөнү өзгөртүүгө таасир берүүчү 10 адамдын катарына кошту. Басылманын маалыматына караганда, Мирзийоевдин өз өлкөсүндөгү жана геосаясий аймактагы кырдаалды өзгөртүүгө жөндөмдүүлүгү эске алынганы айтылат.
Адистер Мирзийоевдин президенттикке келгенден тартып, Өзбекстандагы реформалардын башталышына, жарандардын дин тутуу эркиндигине, күч органдарынын ишин тартипке келтирүүгө багытталган иштердин ишке ашып жатканына көңүл бурушкан.
Ошондой эле маалыматта Өзбекстанда өткөн жылдан тартып, соода эркиндигине таасир берген олуттуу чечимдер кабыл алынганы, тышкы валюталык саясаттын ачыктыгы чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктыра баштаганы да айтылат. Андан сырткары Мирзийоевдин президенттик кызматындагы ийгиликтүү кадамы катары, биринчи кезекте коңшу өлкөлөрдөн баштап бир канча мамлекеттер менен болгон мамилелердин жакшырышы баяндалат.
2018-жылы дүйнөнү өзгөртүүгө таасир берүүчү 10 адамдын катарында Бириккен Араб Эмиратынын тышкы иштер министри Абдулла бен Зайд аль-Нахайян, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФБР) жетекчиси Роберт Мюллер, Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана башкалар бар.