Гүлжигит Сатыбековго "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы тапшырылды

Ырчы Гүлжигит Сатыбековго "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда SUPER.KG порталына ырчы мырза өзү билдирди.

"Наамды 4-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тапшырды. Кубанычтамын. Чыгармачылыгыма дагы да стимул болду. Ошол эле учурда жоопкерчилик мурункудан да өсөрүн сезип турам. Учурдан пайдаланып мурунку президентибиз Алмазбек Атамбаевге жана мени колдогон күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деди Сатыбеков.

Ошондой эле ырчы наамды алгандан кийин эле Москвада өзүнүн жеке концертин өткөргөнүн белгилеп өттү.

Эске салсак, өткөн жылдын 30-августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө салым кошкон бир катар инсандарды сыйлоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Алардын арасында Гүлжигит Сатыбеков да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (69)
Aidan88
2018-01-07 01:03:36
Kuttuktaibyz!!!!
+2
Azatbek83
2018-01-07 01:08:23
Азаматсын жердеш кыйынчылыктын арты жакшылык менен келет! Ден-Соолук Узуун Омур Ийгилик!
+2
Aydarov.0607
2018-01-07 01:13:51
Татыктуу куттуктайм.
+1
tmttmt
2018-01-07 01:47:21
Кут болсун алган наам сизге сиз элге кызмат кыла бериңиз

Абдылда Иманкулов
Рахман Разыков
Тынар Курбаналиевтер качан алар экен

+9
moskoy
2018-01-07 15:37:56
tmttmt,кыргыздын маданиятына салым кошкондо.Маданияттуу суйлошуп элдин кругозорун которо турган сатираларды койгондо.Башка элдин сатираларын уурдабай оздору эмгек кылганда.
-8
MIRAN
2018-01-07 01:52:37
Татыктуу!
+3
Ernisbii
2018-01-07 01:55:13
Сыйлык кут болсун! Ырлары манилүү уксаң жүрөк сүйүнөт.
+2
bakyt71
2018-01-07 03:00:24
кут болсун!баракелде.
+2
Bekish-kg
2018-01-07 03:13:02
Чын журоктон,чын журоктон куттуктайм.Маданият министирлиги эми эми онолгонсуп жатат.Башка дагы элге эмгеги синген маданият адамдарына ушул наамды беришинерди каалайм.Гулжигит эн татыктуусу болчу.Бек борбиевден кийинки эн мыкты кыргыз ырчысы!
+2
arzygulR
2018-01-07 04:51:12
Сыйлыгыныз кут болсун
+1
Nevestkaa
2018-01-07 10:05:28
Качааааан алыш керек эле да!Мен ырларыңызды берилүү мн угам,наамды алдыңыз эми ак жоолук алыңыз!
+2
Bahira
2018-01-07 10:56:14
Ооо куттукктайм,ырлары абдан жагат!!!
+2
Asat17
2018-01-07 13:06:13
Туура берилген
+2
Emilzima
2018-01-07 13:16:01
тузу жок ырлар.создору - кочо создору. Кайдагы эмгек синирген наам?грамотный адам эч качан мунун ырларын укпайт.
-7
Baku88
2018-01-08 00:51:03
Сатыбеков башкаларга окшоп бирөөнүн ырын баса калып уурдап обонун туурап же даяр ырды ырдабайт. Бул наамдын артында чоон эмгек жатат өзү обон чыгарып сөзүн жазып талыкпаган эмгек. Аракет кылсаң берекет. Каримова Калыков Руцкая дегендер элдин эмгегин уурдагандар даяр оокатка көргөндөр. Мына ушинтип эмгек кылсаңар силерди да эл колдомок сыйламак. Өзунор аракет кылбайсынар анан кыйраткансып мен элге эмгегим сиңген деп төш кагасынар кайсы арынарга? Сатыбеков сыйлыка өз күчү мн жетти кут болсун
+3
admin_superstan
2018-01-08 10:44:41
stimyl.kg, бирөөнүн дарегине карата далилсиз маалыматтарды камтыган билдирүү жазууга тыюу салынат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан