Пекинде өтө турган эл аралык көргөзмөгө чакыруу алганы тууралуу Шагиева жеке баракчасына жазды. Анда белгиленгендей, иш-чара апрель айында өтөт .
"Мен чакырууга жооп берүүгө шашкан жокмун. Себеби, көргөзмөнүн шарты боюнча чоң көлөмдөгү живопись сүрөттөрдү көрсөтүш керек экен. Ал эми түс менен иштөө - тобокелчилик, чоң эмгек. Эмгекти болсо аз эле убакыттан кийин, февралда жибериш керек. Бирок ойлонуп көрүп мен көргөзмөгө катышууга макул болдум. Акыркы кездери өзүмдү бир орунда туруп калгандай сезип жаткам, бул көргөзмөгө катышуу мага шык берет", - деп жазган мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева.