АКШ дин эркиндигин чектеген он өлкөнүн катарына Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды кошту

АКШ "өзгөчө тынчсызданууну жараткан, дин эркиндигине басым кылган" деп 10 өлкөнүн катарына Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды кошту. АКШнын мамлекеттик департаментинин жарыялаган билдирүүсүндө, бул тизмеге Иран, Кытай, Түндүк Корея, Мьянма, Эритрея, Судан жана Сауд Арабия өлкөлөрү кирген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик департамент Пакистанды дин эркиндигин олуттуу бузган өлкө деп өзүнчө белгилеген.

Акыркы учурларда АКШ менен Пакистандын мамилелери чыңалууда. АКШ президенти Дональд Трамп Исламабадды террорчулукка каршы жетиштүү күрөш жүргүзө албаганын айтып айыптаган.

"Акыркы 15 жылда алар бизден 33 миллиард доллар алышкан. Бирок биз алардан эч кандай жыйынтык алган жокпуз", - деп жазган Трамп.

АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы туруктуу өкүлү Никки Хейли терроризмге каршы күрөшүү үчүн Пакистанга бериле турган 255 миллион долларды берүү жагы убактылуу токтотулганын билдирген.

Пакистан бийлиги Вашингтондун бул билдирүүсүнө каршы нааразычылыгын айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
MUHLISA
2018-01-08 08:42:07
Ислам дини ой өлкөлөрү Дональд Трамптын түшүнө кирип түн уйкусун бузуп турат экен да ...
+4
kechirmeni
2018-01-08 08:49:27
Трамптын иши болбосун, эптеп шылтоо таап ичи койнуна кирип ортого от жагып чагымчылык кылсам деп эле турат ушу АКШ
+4
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-08 09:02:42
Трамп ким озу бул куйту америкалыктар суукта тонуп олбогуло баарынар жон эле журсонор
+4
meni_kut
2018-01-08 10:03:27
Акшдан акча алып ,приказын аткарышат.Акш бетке эле айтып коюптур го
+10
tular
2018-01-08 19:47:40
АКШнын эмне иши бар деймда, чектоо коебу, же койбойбу. Ошол департаменттин бир нерсеси короп жатыптырбы... АКШ уро берет, мусулман олколор осо берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан