super.kg logo

ТЕСТ: Жансак, олобо, быжы... Кыргыздын улуттук тамак-ашын унуткан жокмун десеңиз тесттен өтүңүз

 

Кыргыз эли жаратылышынын кооздугу, тамак-ашынын экологиялык жактан тазалыгы жана анын көп түрдүүлүгү менен чет элден келген конокторго мактана алат. Конок келсе кыргыз даамы тууралуу коркпой айтып бере аласызбы? Улуттук тамак-аштардын жасалышы, аталышы эстен чыккан жокпу? Өзүңүздү тесттен текшерип көрүңүз.


кошулду


1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Каймакты отко сызгырып, сары майын алгандан кийин казандын түбүндө калган азык?

Чөбөгө - каймак сызгырылып, сары майы алынгандан кийин казандын түбүндө калган азык. Аны айрым аймактарда сызык деп аташат.

Кийинки суроо


Кошкон май
Чөбөгө
Камкаймак

Койдун өпкөсүнө сүт куюп даярдалган тамак кандай аталат?

Олобо - кой, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулган сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак. Ал үчүн өпкөгө бычак тийгизбей, бүтүн алып чыгуу зарыл.

Кийинки суроо


Жаткан төө
Быжы
Олобо

Чучукту аттын жынысына салыштырган чет өлкөлүк Майкл Макфитке кандай чара көрүлгөн?

"Кумтөр" ишканасында иштеген австралиялык Майкл Макфит интернеттеги баракчасына чучукту аттын жынысына салыштырып жазган. Андан кийин ал жумуштан бошотулуп, кылмыш ишин козгоо үчүн материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн. М.Макфиттин өлкө аймагында жүрүүгө уруксат бере турган тийиштүү документтери жок экендиги аныкталып, миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн соттун чечими менен өлкө аймагынан чыгарылган.

Кийинки суроо


Кызматтан бошотулуп, миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн өлкөдөн чыгарылган
5 жылга эркинен ажыратылган
Чара көрүлгөн эмес

Кыргызда даяр шорпого туз, калемпир, татымал кошуп даярдаган азык кандай аталат?

Нак шорпонун майлуу жеринен куюп алып ага калемпир, туз, сарымсак өңдүү татымдарды кошуп даярдалган чык камыр тамактардын үстүнө кошуп жегенге ылайыктуу.

Кийинки суроо


Чык
Атала
Кошулма

Койдун, бодо малдын шыйрактары кайсы тамак үчүн пайдаланылат?

Килкилдек – уйдун, койдун баш-шыйрагынан жасалуучу тамак. Куйкаланган даяр баш этин шылып алып, шыйрагын бузуп, муздак сууга салып, азыраак отко бүлкүлдөтүп, сөөктөн эт ажыраганга чейин бышырат. Татымына жараша туз, мурч, жашылча, ашкөктөр кошулат.

Кийинки суроо


Сүр нарын тамагы үчүн
Малдын шыйрактары тамак-ашка пайдаланылбайт
Килкилдек үчүн

Кыргыздын чыгармаларында “Кысыр эмди тай сойду” деген сөз кездешет. Маанисин билесизби?

Кысыр калган бээни кулуну көпкө чейин эмгендиктен анын эти даамдуу болгонун билген кыргыз эли андай тайды ардактуу конокторго союп, сыйлаган.

Кийинки суроо


Кысыр бээнин этин айтат
Арык мал союп сыйлады дегенди билдирет
Кысыр калган бээни кулуну жылдап-жылдап эмген тайдын этин айтышат

Уютку эмнеге пайдаланылат?

Уютку - бул айран уютуу үчүн пайдаланылат. Бышкан сүткө аз өлчөмдөгү айран кошулуп, ал уютку деп аталат.

Кийинки суроо


Айран уютканга
Камыр жууруганга
Нандын бетин кооздогонго

Ун, туз, сүт кошулуп кайнатылган чай кандай аталат?

Чайдын мындай түрүн өлкөнүн түндүк жагында көп даярдашат. Анда демделген чайга куурулган унду, туз, сүт, суюк каймак кошуп, кайра кайнатып ысык кезинде ичүүгө берилет. Ал куурма чай деп аталат.

Кийинки суроо


Аралаш чай
Куурма чай
Андай чай жок

“Катыктап ичүү” деген сөздү кандай түшүнөсүз?

"Катыктап ичүү" - бул сүт азыктарын татымына ылайык тамак-ашка пайдалануу. Маселен, чайга сүт катыктап ичишсе, жармага айран катыктап деп айтылат.

Кийинки суроо


Жемишти кургатып коюп жегенди
Азыкты күздө катып коюп, кышта жегенди
Сүт, айран, кымыз сыяктуу суусундуктарды азыктарга аралаштырып ичүү

Курут менен өрүктүн аралашмасынан да кыям жасалат. Ал “өрүк курут” деп аталып өлкөнүн кайсы аймагында көп даярдалат?

Чүлү — курут менен өрүктөн жасалган кыям-компот. Аны даярдоо узак убакытты алып, негизинен Баткен облусунда кездешет.

Кийинки суроо


Баткенде
Нарында
Чүйдө

Быжы эмнеден даярдалат?

Быжы - койдун кара ичегисине ич май, майдаланган боор, сарымсак, күрүч, ашкөк жана татымалдар кошулуп даярдалат.

Кийинки суроо


Сүттөн
Камырдан
Койдун ичегисинен

Күлазык деген эмне?

Күлазык – байыркы кыргыздардын жоокерчилик доорунда колдонулган жол азыгы. Куурулуп, кургатылгандан кийин майдаланган этти, талкан, таруу, ун азыктарын капка же тулупка салып салкын жерге сакташып, алыс жолго чыкканда ала жүрүшкөн.

Кийинки суроо


ысык, суюк тамак
конокторго коюлуучу таттуулар
жол азыгы

Койдун, эчкинин, топоздун ынак сүтүнөн уютулган азыктын аталышын билесизби?

Жуурат - койдун, эчкинин жана топоздун ынак сүтүнөн уютулуп жасалган байыркы ак азыктардын бири. Элдик медицинада жуурат эң кубаттуу азык катары бааланат.

Кийинки суроо


Атала
Жуурат
Килкилдек

Кыргыз эли дарылык үчүн пайдаланган, жаңгак кошулган азык кандай аталат?

Жансакты жоокерлер жана оор жумуш менен алектенгендер үчүн даярдашкан. Балдардын саламаттыгын чыңдоо үчүн да колдонушкан. Ал адамдын иммунитетин көтөрүп, ал-күчкө толтургандыктан "жансак" деп аталган. Курамына сары май, жаңгак, бал кошулуп даярдалат.

Кийинки суроо


Көжө
Тончон эт
Жансак

Сүрөттөгү азыктын аталышы?

Жупка - ачыбаган камырдан жасалган эзелки гүлазыктардын бири. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырат.

Кийинки суроо


жупка
каттама
саңза

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(75)
11.01.2018. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
726
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 08:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
100балл биринчи жолу айылда осконумдун таасири жайлоону эске тушурдуго
11.01.2018. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
03-03-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал- Абад
0


Сиздин упайыңыз
94
Туура жооп: 14
Ката жооп: 1
Жалпы: 15 суроо
Азаматсыз! Улуттук тамак-аштарды жегенге гана эмес, даярдалуусуна, аталышына да кызыгат экенсиз
11.01.2018. 10:21 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
16-11-2017
Соӊку аракети:
11-05-2018 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Тоо Булбулу Токтогулдун жери)))
+2
Биринчи жолу 100
11.01.2018. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
19-11-2017
Соӊку аракети:
16-09-2018 11:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кооз жайларда ....
+2
Менде 100упай, кыргызымдын асыл тамактарын унутуп болобу.
11.01.2018. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
10-10-2017
Соӊку аракети:
20-03-2018 09:32
Жынысы:
Белгисиз
0
13 туура 2 ката 87 балл
11.01.2018. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 08:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 балл
11.01.2018. 11:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
326
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
0
94 бал бир суроо мага тушунуксуз болду жансак деген эмне?
11.01.2018. 11:55 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Nurkyz1977, саламатсызбы! Ар бир суроого жооп берген соң түшүндүрмөсү чыгат.
11.01.2018. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
25-03-2018 18:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 балл.Кудайга шугур.Кыргызымдын улуттук тамагын билгениме.
11.01.2018. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1119
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Ун,сүт, туз салынып жасалган чайды билбейт экем. Жасап да,ичип да көрбөсөм. Көргөн да эмесмин, уккан да эмесмин
11.01.2018. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
465
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:46
Жынысы:
Белгисиз
-2
болбогур эле создор экен
11.01.2018. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
12-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:21
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл, 100 алмак экенмин 2- суроодо дисплейди жылдырып атып колум башкага тийип кетти. )
11.01.2018. 12:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
16-03-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 08:32
Жынысы:
Белгисиз
0
100 балл алдым, ураа!
11.01.2018. 12:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 15:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
94 упай болду
11.01.2018. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Petrovka, менде да 94 упай болду, биринчи жолу жогорку упай алышым, куурма чайды билбейт экенмин, билгенде 100 болмок кааап
11.01.2018. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
21-02-2016
Соӊку аракети:
14-09-2018 00:07
Жынысы:
Белгисиз
0
100 упай, алгачкы жолу ушундай упай алышым
11.01.2018. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
30-08-2018 23:46
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл билбегенимди билип алдым эми
11.01.2018. 13:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
21-07-2018 12:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай
0
Айылда чонойгонгобу 100 балл биринчи жолу
11.01.2018. 15:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
18-01-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 01:50
Жынысы:
Белгисиз
0
74 ball
11.01.2018. 16:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
07-04-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да 100бал
11.01.2018. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
11-07-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 10:20
Жынысы:
Белгисиз
0
100бал
11.01.2018. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
08-03-2017
Соӊку аракети:
07-03-2018 00:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ысык Кол
0
100 балл, бирок 14-суроонун жообун божомолдоп жансак дедим эле туура экен. Калган суроолордун жоопторун билет экенмин.
11.01.2018. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жолу 100 упай
11.01.2018. 21:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
26-02-2013
Соӊку аракети:
01-09-2018 09:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да алгачкы жолу 100 упай алдым
12.01.2018. 23:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-11-2017
Соӊку аракети:
11-09-2018 23:52
Жынысы:
Белгисиз
0
87балл
13.01.2018. 05:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-10-2017
Соӊку аракети:
25-04-2018 13:44
Жынысы:
Белгисиз
0
74
13.01.2018. 22:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-10-2016
Соӊку аракети:
17-06-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
0
100 балл топтодум
14.01.2018. 22:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-09-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
0
94 упай
15.01.2018. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
13-06-2017
Соӊку аракети:
17-09-2018 21:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
80
07.02.2018. 04:16 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
06-02-2018
Соӊку аракети:
25-02-2018 02:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарых жонундо тесттер болсо жакшы болмок
07.02.2018. 09:37 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
abdrazakov1991, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алынат.
08.03.2018. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-06-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
87 балл. 2 суроого жооп таба албай калдым
17.03.2018. 22:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
16-06-2018 11:41
Жынысы:
Белгисиз
0
44
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: