Кыргыз эли менен казакка гана таандык болгон төкмөлүк өнөргө айрым гана адамдар ээ болушат. Бул өнөрдү аял киши аркалаганы андан бетер сейрек кездешет. Дал ушул өнөрдүн сересине чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн атын тааныткан акын Майра Керим кызы эле.
Комуз менен домбранын кылдарындай дирилдеген талантты билбеген кыргыз-казак болбосо керек. Ырынын ар бир сабында аруулук, адамдык асыл сапат камтылган Майра Керим кызы 1962-жылы Казакстандын Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. Ал кыргыздын келини гана эмес, жээни да болгон. Майранын апасы кыргыз кызы болсо, өзү кереметүү Ысык-Көлгө келин болуп барган.
Жолдошу Канат Байышов менен кол кармашкан соң, "Мага жар керек" деген ырында "Кыз кезде көксөгөндү, кыргыздан жолуктурдум" деп ырдаган Майра Керим кызынын шаңшыган үнү убагында казак талаасын, кыргыз тоосун жаңыртып турар эле. Жаңыдан кыргыз элине келин болуп жаткан мезгилде кайненесине арнап чыгарган ырында аялзатынын оомал-төкмөлүү тагдыры камтылгандай:
"Улуу элден уулуңду ээрчип мен келдим,
Урмат-сыйдын бешигине термелдим.
Умай энем көрөм сизди, апамдай
Келин дебей, кызың менен тең көргүн.
Ортосунда турмуш деген чеңгелдин
Жол таба албай, чындыгында сенделдим.
Канатымды төрөбөсөң кантмекмин,
Уучума күмүш жүгөн сен бердиң".
Кыргыз дегенде кагылып турган, жүрөгүндө жалы бар, кылычтын мизинен жалтанбаган Майра Керим кызы төркүнүнө сөз кайтарып, казактар менен болгон Эл аралык айтыштардын биринде "Каркыраны Кыргызыма кайтарып бер" деген ыр саптары ар бир айтыш күйөрманынын эсинде болсо керек. Дал ушул ыр саптарынан кийин акын Анатай Өмүрканов:
"Көлгө уу төгүп, Каркыраны алдырганда,
Шаасына шаты тиреп кыргыздардын,
Кыз акынын мындай койгун, эркеги да,
Дудук болуп турган кезде сен ырдадың", - деген ыр саптарын жазган.
Майра Керим кызынын жалпы 252 ыры бар. Анын 39уна обон жаралган. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар”, "Ысык-Көл" деген сыяктуу ырлары ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан. Көптөгөн Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү болгон.
Улуу өнөрдүн ээсинин артында ырларын оозунан түшүрбөй ырдап, апасынын жолун жолдоп төкмөлүк өнөрдү аркалап келе жаткан уулу Акжолтой Канатбек уулу калган.
Майра Керим кызы онкологиялык ооруга чалдыгып, катуу оорудан улам 2009-жылы 18-августта каза болгон. Көз жумардын алдында "менин сөөгүмдү Кыргыз опера жана балет театрынан алып чыккыла" деген аманаты аткарылбай калган маркумдун сөөгү Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган.
8-январдын жылнаамасы.