Англиялык сүрөтчү жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын сүрөттөрүн жарыялады

Англиялык сүрөтчү Тим Флах жоголуу алдында турган жаныбарлардын сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөтчү эмгектерин өзүнүн Твиттердеги баракчасына чыгарган. Маалым болгондой, бул сүрөттөрдү тартуу үчүн ага 2 жыл керектелген. Сүрөттөргө сайгак, илбирс, бегемот, филиппиндик бүркүт жана башка жаныбарлар түшүрүлгөн.

Евразиянын талааларында байыр алган сайгак Кызыл китепке жоголуу алдында турган жаныбар катары киргизилген.

Илбирс да жоголуу алдында тургандардын катарына кирет. Алар тоо кыркаларында жашашат. 2008-жылдан тартып жаратылышты коргоочулар күн сайын дүйнө жүзүндө орто эсеп менен 4 илбирс өлө турганын аныкташкан. Азыркы тапта жапайы жаратылышта 4 миңден 7 миңге чейин илбирс бар экени белгилүү.

Китбаштуу деп аталган чоң илек-илекке окшогон канаттуу Чыгыш Африкада көп кездешет. Канаттуу көп убактысын саздак жерлерде балык кармоо менен өткөрөт. Ал да Кызыл китепке киргизилген.

Жөнөкөй бегемот да жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын катарын толуктайт. Бегемоттун тиштери өтө баалуу деп саналгандыктан, бул жаныбарды өлтүрүп, сөөктөрүн сатып бизнес кылган адамдардын саны дүйнө жүзүндө миңдеп саналат.

Филиппиндик бүркүттүн канаттарынын узундугу 2 метрге чейин жетет. Ал Филиппин аралдарында гана кездешип, улуттук символ катары эсептелет.

Ринопитека маймылдардын бир түрү. Аны "Тоодон келген жапайы адам" деп да аташат. Ринопитекалар бийик тоолуу аймактарда күн кечиришет. Алар Кытайдын Хендуан тоосунун бамбук токойлорунда да кездешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
fantomas
2018-01-08 17:54:38
Бизде жапайы жаныбарларга анчылык кылууга биротоло тыю салган, эч болбосо 30-50 жылга мораторий киргизген мыйзам кабыл алынышы, анчылык ферма, кооперативдерин жою, мыйзамсыз анчылык кылгандарга жазаны катаалдантып, штраф эле эмес, жазасынын женил-оордугуна жараша 3 жылдан 50 жылга чейин абакка окум кылуучу жазаларды киргизуу керек болуучу, бирок депутаттарын оздору номер 1 браконьер болгон сон, андай мыйзамды кабыл албай жатышат. Эми бийлик алмашып эле жаны муун бийликке келбесе.
+2
Kaary
2018-01-08 17:59:55
Ринопитека. :)) аяш
0
Omuur94
2018-01-08 18:18:50
Майкл Джексон да журотго))
+1
Benazir08
2018-01-08 20:30:00
Сайгак кызыл деген жаныбарды коруп тан калдым.1чи жолу корушум. Ал эми кит тумшукту дагы
-2
akylaj97
2018-01-09 18:55:53
Benazir08,сайгак кызыл эмес, жон гана сайгак
-1
pixduel1
2018-01-08 20:31:14
Акыркы маймыл оозун иширген кыздарга окшошко
-1
Aitun
2018-01-08 21:43:09
Маймыл кытайлардын оздоруно окшошго:)))
-1
Zainidin96
2018-01-09 01:08:49
Маймылдын оозу адамдыкындай экен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан