"С.С.С.Р." партиясынын өкүлү: "Мэр Иса Өмүркуловдун ишине "3" деген баа берем"

"Биз Бишкектин мэринин иштегенине канааттанбайбыз. Бир топ иштерди жасаса болмок, бирок жасалбай жатат. Мэр катары Иса Өмүркуловдун ишине "5" баллдык шкала менен алганда "3" деген баа берем". Мындай пикирди бүгүн теледебат учурунда "С.С.С.Р." партиясынын өкүлү Анарбек Орозалиев билдирди. Айта кетсек, учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрү катышкан кезектеги теледебат уланууда. Телетаймашка КСДП, "С.С.С.Р." жана "Тоскоолдуксуз жашоо үчүн" партияларынын өкүлдөрү катышууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан