Сахара чөлүнө кар жаады. Жаратылыштын бул кубулушун сүрөтчү Карим Боучетата сүрөткө тарткандыгын чет элдик маалымат булактары жазды.
"Алжир Республикасынын Айн-Сефра шаарынан алыс эмес жердеги Сахара чөлүнүн түндүк жагына кар түштү. Бирок 7-январда эртең менен жааган кар кайра бат эле эрип кеткен", - деп жазылат маалыматта.
Өткөн жылы да Сахара чөлүнө кар жааган. Муну менен 2 жыл катарынан кар жаап жатат. Өткөн жылы чөлдө мындай кубулуш декабрь айында орун алып, анда да Боучетата сүрөткө тарткан.
Сахара чөлүнө кардын жаашы абдан сейрек кездешүүчү көрүнүш. Өткөн жылга чейин Сахарага мындан 35-40 жыл мурун кар жааган.