Англиянын 21 жаштагы жашоочусу Жейд Смит чыныгы куурчактай болуп көрүнүү үчүн жана муну менен өзүн оорудан алаксытуу иретинде ири суммадагы каражаттарды коротуп келет. Анын бут кийими, кийме чачы жана аксессуарларына эле 26 миң доллар сарпталган.
"Сырт кийимдериме, көйнөктөрүмө эле 780 миң доллар коротком. Аларды көбүнчө Япония менен Кореядан алдыргам. Менде болжол менен 40 түгөйү менен бут кийим жана көптөгөн кооз оюнчуктар бар", - дейт ал.
Жейддин ар бир күнү таңкы саат 4тө туруп, куурчактай болуп боёнуу жана кийинүү менен башталат. Ал сатуучу болуп иштеп, андан сырткары социалдык түйүндөрдүн бирине "Ханбийке Жадетт" деген ат менен катталып, кызыктуу сүрөттөрдү жүктөп турат.
Маалым болгондой, Жейд фибромиалгия (дене түзүлүшү толугу менен ооруп, уйку качып, депрессияны пайда кылат) дартына чалдыккан. Ал күн сайын дары-дармек ичкенден сырткары, өзүн алаксытуу иретинде куурчактын образын ойлоп тапканын айтат.
"Мага абдан оор. Күн сайын кыйналам. Өзүмдү алаксытуу үчүн кооз оюнчуктарды сатып алып, маанайымды көтөрөм. Куурчактын образы жагат. Келечекте жаш көрүнүү үчүн пластикалык операция жасаткым келет", - деген Смит.
Ал кичинекей кезинен тарта куурчактарга жакын чоңойгон. Ал эми 11 жашынан тарта ар дайым дал ушундай өңүттө кийинип жүрүүгө өткөн.