Бельгиялык ырчы, композитор, актриса Лара Фабиан Бельгиянын Эттербек шаарында 1970-жылы 9-январда жарык дүйнөгө келген. "Мен сени сүйөм" жана "Адажио" деген хит ырлардын аткаруучусу Лара Фабиан атактуулукка чейин Крокарт деген фамилияны алып жүргөн. Ырчынын апасы Италиядан, атасы бельгиялык болгон. Лара 5 жашка чыкканга чейин Сицилияда жашап, кийин Бельгияга көчүп келишкен.
Фабиан бала кезинен эле ырчы болууну кыялданып, музыка, бий ийримдерине катышып келген. 14 жашынан атасынын гитара чертүүсү алдында клубдарда ырдап, андан соң европалык музыкалык сынактарга катыша баштайт. Ырчы катышкан сынактардын эң эле негизгиси "Евровидение" сынагы болгон. 1988-жылы "Евровидение" сынагына Люксембургдун атынан катышып, 4-орунду алган.

1991-жылы Ларанын "Lara Fabian" деп аталган алгачкы ыр жыйнагы жарыкка чыккан. Ал 1999-жылы биринчи жолу Монакодо MTV`нин музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземине катышып, "Бенилюкс өлкөлөрүнүн мыкты артисти" деген наамды алган.

Ырчы эки жолу турмушка чыккан. Алгач Фабиан француз режиссёру
Жерар Пулличиного турмушка чыгып, түгөйлөр кыздуу болушкан. Бирок 7 жыл бирге түтүн булаткандан кийин жубайлар ажырашып кетишкен. Андан соң ырчы экинчи ирет сицилиялык фокусник
Габриэль Ди Жоржио менен баш кошкон.

Лара Фабиан тууралууу кызыктуу фактылар:
- Ырчы 4 тилде эркин сүйлөйт (испан, француз, англис, орус);
- Өзүнүн чыгармачылык жолунда Лара Фабиандын 10 миллионго жакын альбому сатылган;
- Кайрымдуулук иштерге активдүү катышат, оорудан жабыр тарткан балдардын кыялдарын ишке ашырууга жардам берет;
- 4 тасмада роль жараткан;
- 1995-жылдан бери Канаданын жараны болуп эсептелет;
- Ырчынын "L’Aziza est en pleurs" пластинкасы раритет деп эсептелип, 2003-жылы ал 3000 еврого сатылган.
9-январга карата жылнаама.