Ырчы Гүлжигит Сатыбеков бүгүн, 9-январда 38 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо максатында байланышып, учурда Орусияда жүргөнүн билди.
"Былтыркы туулган күнүмдө Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болсом, быйыл концерт боюнча Москва шаарына келгем. Туулган күнүмдү да бул жактан досторум менен белгиледим. Өтө деле чоң майрам уюштурган жокпуз. Ал эми кечинде бул жактагы тууган-уруктарым менен чогулуу алдында турабыз", - дейт ырчы.
Гүлжигит Сатыбеков 1980-жылы 9-январда Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган. Репертуарындагы популярдуу ырлары – “Коштошуу”, “Лейлектик кызга”, "Тико, "А балким" жана башкалар. Анын аткаруусундагы "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган. Өткөн жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын берүү боюнча жарлык чыгып, наам быйыл, 2018-жылдын 4-январында тапшырылган.
9-январдын жылнаамасы.