Архитектор Рикардо Бофилл 1973-жылы Барселона шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан токойдун арасынан унутта калган цемент заводун байкап калган. Ошол эле жылы Бофиллдин оюна өзгөчө идея келип, "La fábrica" аталыштагы долбоорун ойлоп чыгып, ишке киргизген.
Бул цемент завод Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде иштеп турган, андан кийин каралбай калып бузула баштаган. Бофилл жана анын командасы бул имаратты оңдоп-түзөө иштерине көп убакыт коротушкан.
Имараттын ичинде жана айланасында өстүрүлгөн пальманын түрлөрү менен зайтун бактарына, ошондой эле чырмоок өсүмдүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулган.
Имараттын ичинде жайгашкан бир бөлмө экинчи бөлмөгө таптакыр окшошпойт.
"La fábrica" долбоорунун ишке киргенине 50 жылдан ашык убакыт болсо да, архитектор өз ишин токтотпостон, күн сайын жаңы идеяларды ойлоп табууну улантууда.
"Мени бул имарат күнүмдүк турмуштан коргоп тургандай. Бул жакта жүргөндө өзүм ойлоп тапкан дүйнөдө жашап жаткандай болом", - деп билдирген Бофилл.