2012-жылы кар көчкүнүн алдында калып, каза болгон орусиялык жаран С.В.Чернышовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Издөө иштери 2-июнда башталган болчу. Эске салсак, Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Айдар-Така коктусунан 2012-жылдын 28-декабрь күнү Орусиянын 1973-жылы туулган жараны С.В.Чернышов кар көчкүнүн астында калып каза болгон. Ал кез куткаруучуларга кооптуу болгондуктан, издөө иштери жай мезгилине белгиленген болчу.