2018-жылы популярдуу болчу технологиялык тренддер: Фейк жаңылыктар, "акылдуу үйлөр", 5G ылдамдыктагы интернет

Өткөн жылы популярдуулукка ээ болгон технологиялык тренддердин тизмесин түзгөн эксперттер менен аналитиктер кирип келген 2018-жылы кайсы технологиялык тренддер элдин көңүл чордонунда болорун аныктап көрүштү.

Биринчи орунду биткоин жана криптовалюталар ээлеген. Аналитиктердин көз карашы боюнча, 2018-жылы көптөгөн өлкөлөр криптовалютаны мыйзамдаштырып, аны колдонууга уруксат бере башташат. Мындан улам бул жаңы валютанын наркы көп эсе жогорулайт.

Экинчи орунду жасалма интеллект ээлеген. Жасалма интеллект бат өнүгүп, жогорку технологиялардын күйөрмандарын күн сайын жаңы ойлоп табуулар менен сүйүнтүп жаткан учуру.

Баарын таң калтырганы - бул фейк жаңылыктарынын тизмеде үчүнчү орунду ээлеши болгон. Азыркы тапта интернет колдонуучулары жакшы билгендей эле, фейк жаңылыктар күндөн күнгө көбөйүп, популярдуу болуп жаткан убагы. Эксперттердин баамында жакынкы убакта адамдар чыныгы жаңылыкты, фейк жаңылыктан айырмалай албай калышат.

Ал эми 4-орунда "акылдуу үйлөр" жайгашкан. Чет элдик маалымат булактарындагы кабарларга ылайык, "акылдуу үйлөрдө" сиздин дем алууңуз, жүрөгүңүздүн согушунан бери көзөмөлгө алып турган матрастардан тартып сизге кандай кийим жараша турганынан бери көрсөтүп бере турган күзгүлөр болот. Үйдүн атайын борбордук технологиялык системи болот. Ал үйдөн канча электр энергиясы короп жатат, бөлмөлөрдөгү температура, жашоочулардын күн тартиби, үйдүн коопсуздугу өңдүү бир катар нерселерди байкап тура алат.

Кирип келген жылы бүткүл дүйнөгө тарай турчу 5G интернети эң көп күтүлүп жаткан технологиялык жаңылыктардын бири деп эсептелип, бул тизмени жыйынтыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2018-01-09 16:47:55
5G чыкса азыркы телефондорубуз кармабайтта 5gны.
Башка телефон алганга туура келип калат экен
+14
Tynystan7799
2018-01-09 17:12:08
4g эле болот мага
+6
Biinura
2018-01-09 17:47:15
Tynystan7799,ушуга да шугур ден))).
+7
Isco23
2018-01-09 19:06:37
Кээ бирлер H+ мн эле журушот шугур деп
+8
Azat.97
2018-01-09 22:19:26
Isco23,E чи?
+1
Frezia
2018-01-10 09:10:17
Биздин айылда Е кармаганга деле шүгүр дейбиз
+2
kg_emilbekov
2018-01-10 12:46:19
Frezia,тушуном Е эн начар интернет
0
jbolotov
2018-01-10 09:53:14
Озу азыркы подоригинал Кытай аппаратары 4G ны кармай албайт, жон эле фейк, жакшы сатылсын учун. Эми коркбой эле бир айдан кийин кытай 5-6G деп чыгаракалат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан