ЖЫЛНААМА, 9-ЯНВАРЬ: Казакстанда эң көп талкууга алынган продюсер Баян Алагузова 44 жашка толду

Баян Алагузова 1974-жылы 9-январда туулган. Кичинесинен эле артист болом деп чоңойгон, бирок анын каалоосуна апасы каршы чыгып, мугалим болосуң деп педагогикалык университетке тапшыртып коёт. Мугалимдик кесип боюнча 3 жыл билим алгандан кийин болочоктогу продюсер кино факультетине которулуп кеткенин ата-энеси кеч билишет.

Атак алып келген алгачкы ролун 1993-жылы "Махабат станциясы" тасмасында ойногон. Андан соң журналистика факультетин бүтүрүп, 7 жыл теледе диктор болуп, кийинчерээк өзүнүн автордук берүүлөрүн алып бара баштайт. Ырчы катары "Жас канат", "Азия дауысы" сынактарынын лауреаты болуп калган Баян 2006-жылы продюсерлик менен алектенүүнү туура көрүп, "КешYOU" кыздар тобун ачат.

2014-жылы "Lashyn" деген жаңы топ ачат. Ошол эле жылы "КешYOU" тобунун экс-солисти Жанар Дугалова "Түрквизион" сынагында жеңишке жетишет. Кино тармагында да, музыка чөйрөсүндө да бирдей ийгилик жараткан Баян "Forbes Kazakhstan" журналынын версиясы боюнча Казакстандын эң таасирдүү 50 айымынын катарына кирген. Мындан сырткары казак басылмалардын берген маалыматына ылайык, продюсер жалпы долбоорлорунан жылына миллион доллардан ашуун киреше тапкан.

20 жашында Бакытбек Есентаевге турмушка чыгып, анын фамилиясын алган. Ортолорунда Айсауле жана Айару деген кыздары бар. Жолдошу тууралуу маалымат аз, болгону Баян никеде бактылуу экенин гана жар салып келген. 2016-жылы продюсерге жолдошу кызганычтын айынан кол көтөрүп, денесине бычак сайганга чейин барган. Жыйынтыгында анын күнөөсү аныкталып, 9 жыл күчөтүлгөн режимде абакта жаза өтөө чечими чыгарылган.

Продюсер 2017-жылдын декабрь айында Турсен Алагузов аттуу ишкерге турмушка чыкканын жарыялап, мындан ары анын фамилиясын алып жүрө турганын билдирген.

Продюсер Казакстандагы эң көп талкууланган адам. Анын ар бир кадамы, сүрөтү, жасаган иштери коомчулуктун түрдүү сын-пикирлерине кабылып, кызуу талкуу жаратып келет.

9-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
admin_superstan
2018-01-09 16:28:12
Nibiru., адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
-4
edik.toloikon
2018-01-09 18:09:10
казакта Баян, кыргызда Анжелика экен да ХХХХ суук адам))
+8
Nevestkaa
2018-01-09 20:19:55
Баян Есентаева,Максат кызы ,Алагузова. Фамиля алмаштырыш оңой эле экен да.Күйөөсүн каматып коюп кантип жашап жүрөт экен .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан