Белгилүү физик, окумуштуу Альберт Эйнштейн өз колу менен жазып берген цитата Иерусалимде өткөн аукциондо 1 миллион 300 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 1922-жылы Альберт Эйнштейн Японияда саякаттап жүрүп "Нобель" сыйлыгынын ээси болгондугу тууралуу маалыматты угат. Бул кабар аз убакыт ичинде жайылып, окумуштууга бүткүл дүйнөлүк атактуулукту алып келген.
Мындай кубанычтуу жаңылыкты алып келген кишиге ал өз колу менен немис тилинде "Жөнөкөй, тынч жашоо - ийгиликтин артынан жүгүрүүгө караганда көбүрөөк бакыт алып келет" деген сөздөр жазылган кагазды ыйгарган. Сүйүнчү акчанын ордуна мындай кагазды алган кишинин кайгырганын көргөн окумуштуу ага: "Кейибе, кайсы бир убакта бул кагаз сага байлык алып келет", - деп жоошуткан экен.
Арадан көптөгөн жылдар өтүп, улуу окумуштуунун сөздөрү иш жүзүнө ашканы көпчүлүктү таң калтырып отурат.