2021-жылы өзүн-өзү башкарган автоунаалар сатыкка чыга башташы мүмкүн

"Hyundai" компаниясы 2021-жылы өзүн-өзү башкарган автоунааларды сатыкка чыгара турганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, аты аталган компания өзүн-өзү башкарган автоунаалардын үстүндө иштөөнү көп жылдан бери улантып келет. Ушундай унаалардын үлгүсүн компания 2016-жылы коомчулукка көргөзгөн.

Азыркы мезгилде компания автоунаалар үчүн ар кандай жаңы технологияларды иштеп чыгуу боюнча "Aurora Innovation" компаниясы менен өнөктөштүк түзүп, Aurora технологиясын колдонуп автономдук режимде башкарылуучу унааларды иштеп чыкканды көздөөдө.

"Aurora Innovation" компаниясы - Google, Uber жана Tesla компаниясынын мурунку кызматкерлери тарабынан негизделген компания. Aurora Калифорния көчөлөрүндө автономдук унааларды тестирлөөдөн өткөзүүгө мүмкүнчүлүк алган 37-компания болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
keba300989
2018-01-10 11:48:43
Жакшы жаңылык Атамбаевтин шопуру ишсиз калат экенда эми, бардык шопурлар.
0
nurbegim_88
2018-01-11 00:57:30
keba300989,ха ха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан