Бүгүн, 9-январь Сакиш каймана аты менен таанылган актриса, куудул Айнура Турганбаева 50 жашка толду.
Өздүк майрамын Бишкектеги кафелердин биринде кесиптештери, сахналаш достору менен белгилеп жаткан актриса SUPER.KG порталына буларды айтты.
"50 жылдык мааракемди театрда иштеген кесиптештерим, сахналаш досторум менен белгилеп жатам. Туулган күндү белгилебей коюу болбойт экен. Себеби бул ар бир адамда жылына бир келчү өздүк майрам да. Досторум мени куттуктап ар кандай белектерди тартуулап жатышат", - дейт ал.
Айнура Турганбаева Аламүдүн районунун Стрельников айылында төрөлгөн. Мектепти бүтөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Алгачкы эмгек жолун Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар мамлекеттик театрында актриса болуп иштөөдөн баштаган. Турмушка чыга элек.
9-январга карата жылнаама.