Бүгүн, 9-январда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жергиликтүү телеканалдагы түз эфир аркылуу казак калкына кайрылуу жасады.
Саат 19:00дө Назарбаев экрандан сүйлөп, кайрылуу 10 мүнөткө жетпеген убакытта аяктады.
Өлкө башчысы анда Казакстандын дүйнөдөгү өнүккөн 30 өлкөнүн катарына кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, бул жылга карата аткарыла турган негизги 10 тапшырманы айтты.
Жаңы технологиялар, бизнес, социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактарга тийиштүү тапшырмалар эртең, 10-январда толугу менен жарыялана тургандыгын билдирди президент ар бир пунктка кыскача токтолуп.
Назарбаев жыл сайын жыл башында элге кайрылуу жасап, анда бир жыл ичинде аткарылчу тапшырмаларды айтат.