Тынч океанда киттин бир түрү болгон бүкүр кит Нэн Хаузер аттуу биолог-изилдөөчү айымды акуладан сактап калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Тынч океандын түштүк тарабында жайгашкан Кука аралдарында болгон. Биолог киттин айланасында сүзүп жүрүп, ага акула сүзүп келе жатканын байкаган эмес. Жырткычты байкап калган кит Нэн Хаузерди сүзүүчү канаттары менен коргоп баштаган. Муну менен катар деңиз сүт эмүүчүсү 63 жаштагы Хаузерди бели менен деңиздин үстүнө алып чыгууга да үлгүргөн деп айтылат маалыматта.
Кит сактап калган биолог өзү менен болгон окуядан кийин киттердин башка жандууларга карата коргоо сезими бар деген тыянакка келген.