АКШда болгон катуу сууктан улам крокодилдер, аллигаторлор музга тоңуп калышты.
Түндүк Каролинада жайгашкан эс алуу жана көңүл ачуу парктарынын биринде жашаган крокодилдер сууда тумшуктарын сыртка чыгарган бойдон тоңуп калышкан. Муну паркта иштеген жумушчулар видеого жана сүрөткө тартып социалдык тармактарга жүктөштү. Эми парктын эс алуучулары аллигаторлордун жанына коркпостон барып, колун тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Жыл башынан бери катуу сууктан улам Американын жарым бөлүгүндө өзгөчө кырдаал киргизилген. Айрым аймактарда абанын температурасы -30 градуска чейин төмөндөп кеткен.
Парктын жумушчуларынын айтымында, бул аллигаторлор өлбөйт, алар өзүлөрүнүн денесинин температурасын төмөндөтүп "гибернация" абалына түшүп, уктай беришет. Ал эми аба жылый баштаганда крокодилдер ойгонуп жашоосун улантышат. Мындай кубулуш рептилия түркүмүнө кирген жандыктарга таандык. Мисалы, бакалар дагы кышкысын "гибернация" абалына түшүп укташат дагы, жаз келгенде жанданышат.