Англияда 15 жыл мурун жоголгон мышык табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Англиянын Корнуолл аймагында 15 жыл мурда жоголгон мышык анын терисинин алдына киргизилген микрочип аркылуу табылган.
2002-жылы Жанет Барнс турмушка чыгып, сүйүктүүсүнүн үйүнө көчүп кеткенден кийин Уинстон аттуу мышыгы жоголуп кеткен.
"Чынын айтсам ишенбей жатам, ушунча убакыттан кийин Уинстондун кайтып келиши мен үчүн өтө сүйүнүчтүү болду. Мен мышыгым каякта жүргөндүгү тууралуу 15 жыл аралыгында эч кандай маалыматым жок жүрдүм. Аны бирөөлөр багып алса керек деп ойлогом", - деп билдирген Барнс.
Уинстон көп жылдан бери көчөдө жашап жүргөн. Мышыкты оор абалда ветеринарлар таап алышкан. Алар мышыктын ээсин андагы микрочип аркылуу аныкташып, дароо кайтарып беришкен.