Ош-Бишкек жолунда сел жүрүп, унаалар өтө албай калышты

Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Рязан-Сай аймагында сел жүрүп, жол тосулган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Айтымында, жолго кум, шагыл төгүлүп, жеңил унаалар өтө албай турушат. “Болжол менен саат 17:00дө Ош-Бишкек жолунун 433-чакырымдан 435-чакырымга чейинки аймакта сел жүргөн. Учурда тиешелүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. 15-20 мүнөттүн ичинде жол ачылат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
gooool
2013-06-05 18:03:08
Эл тоскону аз келгенсип,эми минтип сел тосуп,жургунчулорго эле кыйын болдуго.
0
admin_superstan
2013-06-06 09:25:30
LEP888, Chika12, кимдир-бирөөнү кемсинтүү болбойт.
nazira1989, жеке айтышууларга жол берилбейт.
Барыңарга эскертүү!
0
Aydan
2013-06-06 11:13:58
ачык турган жолду жаап табигатка каршы иш жасашты эле, вот результат. Откулору келбей жолду жаап кыйналып жатышты эле, жараткан Алла-Таала озу жардам кылып жатат демек, колдоп! Ошентип кобуроок ачылабй турса анан баркны тушунушот!!!
0
as1502
2013-06-06 16:25:51
сел алганы учун эми кимди жазалайт президент?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан